Трамп Кытайды "соода согушу” менен коркутту

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин Бээжинде. 9-ноябрь, 2017-жыл.

Эгер Кытай америкалык товарларга кошумча төлөм киргизе турган болсо, Кошмо Штаттар жалпы баасы 200 миллиард долларлык кытай экспортуна 10% бажы салыгын киргизерин Вашингтон дүйшөмбүдө жарыялады.

«Кытайдын адилетсиз соода жүргүзүшүн токтотуу жана америкалык товарларга өз базарын ачып, Америка менен теңата соода алакасын түзүү максатында жаңы иштер жасалат», - деп билдирди Дональд Трамп.

Кытай бийлигинин америкалык интеллектуалдык менчикти коргоодон баш тартканы америкалык лидердин ачуусуна тийди.

Кытайдын Соода министрлиги Трамптын сөзүнө дароо жооп кайтарып, АКШ президентинин "чектен чыккан кысым көрсөтүүсүн» айыптап, ал үчүн «кескин жооп болорун» эскертти.

Өткөн жума күнү Трамптын администрациясы жалпы баасы 50 миллиард долларлык кытай экспортуна 25% төлөм киргизилерин жарыялаган.

Бээжин Вашингтонду «соода согушун баштаганы» үчүн айыптап, дароо эле америкалык товарларга, анын ичинде дан азыктарына, автомобилге жана деңиз азыктарына төлөм киргизген.

АКШда 800дөн ашуун экспорттун түрүнө кошумча төлөм 6-июлдан тартып кирет. Дагы 300дөй товарга киргизилчү төлөм коомдук талкууда турат.

АКШ менен Кытайдын соода-экономикалык тирешинен улам дүйнөлүк биржаларда соңку күндөрү акциялардын куну түшүп жатканы байкалды.