ЖРТ боюнча Ош шаары Бишкектен 14 эсе артта калды

Архивдик сүрөт.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында Ош шаарынын үч бүтүрүүчүсү эң жогорку упай топтоп, алтын сертификат алды. Ошол эле учурда Бишкек шаарынын 43 бүтүрүүчүсү алтын сертификатка татыды. Бул тууралуу ЖРТнын жыйынтыгынан кийин маалым болду.

Алтын сертификатка татыган Ош шаарынын үч бүтүрүүчүсүнүн бирөө Ош мамлекеттик университетинин алдындагы билимканада, бири жеке мектепте, дагы бири муниципалдык мектепте окуган бүтүрүүчү болуп чыкты.

Бул жолку сынакта алтын сертификаттын саны жагынан Ош шаарына Нарын облусунун Ат-Башы району теңелди. Бул райондун кадимки мамлекеттик мектептеринин үч бүтүрүүчүсү алтын сертификатка татыды.

Ош облусу болсо бир гана алтын сертификатка ээ болуп, экиден алтын сертификат алган Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облусткарынан артта калды.

Өлкө боюнча 59 бүтүрүүчү эң жогорку упай менен алтын сертификат алды. Анын ичинен 43ү алтын байге алган Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрү аймактардан алда канча озуп чыгышты. (YI)