Футбол-2018: Бельгия менен Англия жеңишке ээ болушту

Бельгиянын күйөрманы.

Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында алгачкы тайпалык оюндар уланууда. Кечээ Швеция – Корея оюнунда швециялыктар жалгыз пенальти менен эсепти ачып, аны оюндун аягына чейин кармап турушту.

Ал эми чемпионаттын күчтүү командаларынын бири Бельгия өз оюнунда Панаманы 3:0 ири эсеби менен утту. Бельгиянын чабуулчусу Ромелу Лукаку бул оюнда эки гол киргизди. Белгилей кетсек, Панаманын улуттук курама командасы тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатына жолдомо алып, катышууда.

18-июндагы борбордук матч Англия менен Тунистин ортосунда болду. Оюндун башында Англиянын чабуулчусу Харри Кейн киргизген топко Сасси ошондой эле жооп кайтарып эсепти теңеди. Бул эсеп оюндун аягына чейин сакталып, оюн бүтөрүнө эки мүнөт калганда Англиянын чабуулчусу Харри Кейн кайрадан өзүн көрсөтүп, эсепти Англиянын пайдасына көбөйттү.

Дүйнө чемпионатынын алкагында бүгүн тайпалык оюндар уланат. Анда Польша менен Сенегал, Колумбия менен Жапония жана Орусия менен Египет ойнойт. (SDz)