Ала-Букада Иштамберди кенин иштетүүгө каршы чыккан Кызыл-Токой, Терек-Сай айылынын тургундары бүгүн Бишкекте премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугат. Бул тууралуу нааразы болгондордун өкүлү Мирлан Мырзаев “Азаттыкка” билдирди.
Активисттин айтымында, райондон келген беш адам арыз-муңун жана талаптарын өкмөткө бетме-бет олтуруп жеткирет:
- Биринчиден, Ала-Букада болуп жаткан нааразылыктардын, окуялардын чын-төгүнүн өкмөткө ачык айтабыз. Анткени ал жакта болгон нерселерди ар кандай бурмалап жатышат. Экинчиден, өкмөт башчыга Ала-Букадагы элдин талаптарын жеткиребиз. Биз негизинен алтын өндүрүүдө завод цианид колдонбошун жана калдык сактоочу жайын жаңыдан жасалышын талап кылабыз. Үчүнчү талап - ошол жерде иштегендерге компаниянын мамилеси боюнча. Биз мындан сырткары премьер-министрге "митингге чыккан балдарга карата милиция катаал мамиле кылбасын, кыйнабасын" деген маселени коёбуз, - деди Мирлан Мырзаев.
Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Чаткал жолундагы Иштамберди кенин иштетүүгө каршы жергиликтүү тургундар 12-июнда митингге чыккан. 200-300дөй адам ишкана мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, экологиялык зыянды текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылышкан. Эртеси, 13-июнда алар менен өкмөт өкүлдөрү жолуккан.
Буга байланыштуу митингге чыккан 18 адамды 15-июнда милиция Жалал-Абад шаарына облустук ички иштер башкармалыгына алып кеткен. Кечээ, 17-июнда болсо аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, кайра кое берилген.
Иштамберди алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык “Фулд Голд Майнинг” фирмасы иштетет жана анда 600дөй адам иштейт. (ErN)