Орусиялык маалымат каражаттары Москванын борбордук бөлүгүндө мексикалык футбол күйөрмандарын такси сүзүп кетип, сегиз киши жарадар болгонун, айдоочу кыргызстандык экенин кабарлашты. Кабарларга тиркелген документке ылайык, 28 жаштагы Анарбек уулу Чыңгыз айдоочулук күбөлүктү Кыргызстанда алган.
Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова кармалган жигит Орусия ИИМнин Тверской райондук бөлүмүндө сурак берип жатканын билдирди. Элчилик окуяны өз көзөмөлүнө алды. Орусиянын башкалаасында "Чекпоинт" фирмасында такси кызматында иштеген Анарбек уулу Чыңгыз алгачкы сурак маалында адамдарды кокустан сүзүп алганын, машинени башкара албай калганын билдирген. Москва шаарынын мэри Сергей Собянин окуяны "жол эрежелерин бузуудан" келип чыккан окуя деп баалап, айдоочу машинесин башкара албай калган деп кошумчалады. Окуя кандай болгонун орусиялык МЭШ басылмасы "Фейсбуктагы" барагына жарыялады.
Азырынча жарадар болгон мексикалык жана жергиликтүү сегиз жарандын төртөө ооруканага түшкөнү, калгандары жеңил жараат алганы кабарланууда.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.