Милиция: Иштамбердиде митингчилер камалган жок

Облустук милициянын имараты.

Иштамбердидеги митингге катышкан жергиликтүү тургундардан эч кимиси камакка алынган жок. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Турдубековдун айтымында, 20 чакты адам менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кайра кое берилген. Учурда Ала-Бука, Чаткал районунда коомдук абал туруктуу жана көзөмөлдө.

Ала-Букада Иштамберди кенин иштетүүгө каршы чыккан Кызыл-Токой, Терек-Сай айылдарынын 18 тургунун милиция кармап кеткенин 15-июнда “Азаттыкка” активист Бекжан Стамбеков билдирген болчу. Ал кармалгандарды Жалал-Абад шаарына облустук милицияга алып кетишкенин айткан.

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Чаткал жолундагы Иштамберди алтын кенин иштетүүгө каршы жергиликтүү тургундар 12-июнда митингге чыгышкан. 200-300дөй адам ишкана мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, экологиялык зыянды текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыян заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылышкан.

13-июнда Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов, өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, ИИМдин орун басары Курсан Асанов протестчилер менен жолугушкан.

Иштамберди алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык “Фулд Голд Майнинг” фирмасы иштетет жана анда 600дөй адам эмгектенет. (ErN)