Шеримкулов: КГБ кийлигишпеген деп айта албайм

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын Компартия ачык сындап, кысым көрсөтүүгө даай алган эмес. Бирок, “Бетме-бет”, “Кылым карытаар бир күн”, “Гүлсарат”, “Ак кеме” сыяктуу чыгармалары уйкусун качырганы анык. Легендарлуу парламенттин төрагасы, мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов залкар жазуучу жана ал жашаган доордун ушул жана башка өңүттөрү тууралуу “Азаттыкка“ "сыябан-маек" курду.