Орусия жана Сауд Арабиясы мунай тармагында кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Сауд Арабиясынын ханзаадасы Мухаммад бин Салман жана башкалар. 14-июнь, 2018-жыл.

Орусия жана Сауд Арабиясы мунай-газ тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө макулдашышты.

14-июнда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш матчынын алдында президент Владимир Путин менен ханзада Мухаммад бин Салман, эки өлкөнүн энергетика министрлери кездешкен. Министрлердин сүйлөшүүлөрүнөн кийин кабыл алынган билдирүүдө мунайдын эки ири өндүрүүчүсү кара май рыногун жөнгө салуу аракетин улантышаары айтылат.

Сауд Арабиясы - дүйнөлүк мунай картели болгон ОПЕКтеги ири мунай өндүрүүчү, Орусия болсо дүйнөдөгү ири мунай экспортеру. 2016-жылы кара майдын баасы дүйнөлүк рынокто кескин арзандап кеткенде ОПЕКтин мүчөлөрү мунай өндүрүүнү азайтууну чечишкен.

Ал эми чемпионаттын алгачкы беттешүүсүндө саудиялык футболчулар талаанын ээси Орусияга 0:5 эсебинде утулуп калды.