Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жалгыз-Жаңгак айылында 15-июнга караган түнү жер көчтү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Көчкүнүн көлөмү болжол менен 318 000 куб метрди түзөт. Үйлөр жана адамдар зыян тарткан эмес, бирок бир үй кооптуу абалда калган. Министрлик үй ээси 1994-жылы мамлекеттен ссуда алганын, ошентсе да көчпөй жүргөнүн кошумчалады.
ӨКМдин облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, Мониторинг департаментинин адиси, 10 куткаруучу, айыл аймак тарабынан бир трактор, эки жүк ташуучу унаа жана жергиликтүү тургундардан 30 адам көчкүнүн кесепеттерин алдын алууга тартылды. Алар кооптуу абал жаралган үйдүн жашоочуларын ушул эле айылда коопсуз жерде жашаган баласынын үйүнө көчүрүштү.
Мындан сырткары, жер көчкү катталган аймактан 60-70 метр алыстыкта жайгашкан бир үйдүн жашоочулары туугандарына убактылуу көчүрүлгөн. (ErN)