Европарламент Орусияны Олег Сенцовду абактан бошотууга чакырды

Олег Сенцов.

Европа парламентинин депутаттары Орусиянын бийлигин украиналык кинорежиссер Олег Сенцовду, ошондоу эле Украинанын Орусияда жана ал аннексиялаган Крымда “мыйзамсыз кармалган” бардык жарандарын “тез жана эч шартсыз бошотууга" чакырган резолюцияны 14-июнда басымдуу көпчүлүк добуш менен кабыл алды.

Украиналык кинорежиссер аннексияланган Крымдан 2014-жылы май айында кармалган. Кийин Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кескен. Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана Орусия койгон айыпты толугу менен четке каккан.

Ал 14-майдан же 31 күндөн бери Орусиянын Ямало-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарынын "Ак аюу" деген түрмөсүндө ачкачылык кармап отурат.

Билдирүүдө негизинен Орусиянын абактарынан "саясий негизде кармалган украиналык жарандардын баарын бошотуу" талабы коюлуп, алардын саны 64 экени белгиленген.

Орусиянын бийлигинен Сенцовду бошотууну талап кылган чакырыктар буга чейин да бир нече жолу болгон. Америкалык ПЕН-борбордун мүчөлөрү өз катынын көчүрмөсүн Дүйнөлүк футбол федерациясы - ФИФАнын президенти Жанни Инфантиного жөнөтүшкөн болчу.

Ал эми кинорежиссерду колдогон активисттер 1-2-июнь күндөрү дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде “Олег Сенцовду сактоо” (Save Oleg Sentsov) деген акция өткөрүшкөн. (UE)