Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова жана ала качууга дуушар болду деген кыздын эжеси айтып чыкты. Алар Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүштү.
Окуя 10-июнда Ак-Ордо конушунда болгон. “Медициналык коллеждин 18 жаштагы студентин Жумгалга ала качып кетишкен жана кыздын макулдугу жок жыныстык катнашка мажбурлашыптыр. Кыздын абалы оор, депресияда”, – деди укук коргоочу Азиза Абдирасулова.
Жабырлануучунун эжеси учурда ал кыз ооруканада дарыланып жатканын билдирди.
Бул боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адылбек Оморов “Азаттыкка” 155-берене (“Ала качуу”) менен кылмыш иши козголгонун кабарлады. Анын айтымында, соттук- медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык "Зордуктоо" беренеси менен кошумча кылмыш ишин козгоо маселеси каралат. Бул окуяга байланыштуу 1994-жылы туулган А.Н. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган.
Кандуу окуя Кыргызстандагы кыз-келиндердин укуктарынын сакталышын, кыз ала качуу маселесин күн тартибине чыгарды. Бишкекте жана аймактарда кыздардын укуктары боюнча ар кыл акциялар өтүп жатат. (TSh/AiA)