Коргоо министрлиги кайра түзүлүшү мүмкүн (видео)

Жогорку Кеңеш.

Өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча талдоо жүрүп жатат. Анын ичинен Коргоо министрлиги кайра түзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, сентябрь айында өкмөт өзүнүн жаңы түзүмү боюнча сунуш киргизет.

- Беларуска барганыбызда Орусиянын коргоо министри Шойгу жана башка министрлер болушту. Биздин атыбыздан баргандар Генштаб менен коргоо комитетинин атынан барышты. Мен биздин өкүлдөргө болгон алардын мамилесин көрдүм. Терс көз карашта болушту, - деди өкмөт башчы.

2015-жылы өкмөттүн түзүлүшү өзгөртүлүп, Коргоо министрлигинин ордуна Мамлекеттик коргоо комитети түзүлгөн. (TSh)