Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Азамат Арапбаев МАИ кызматкерлеринин арасында күнүмдүк акча чогултуу бар экенин билдирди. Парламентте “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өкмөттүк саат учурунда эл өкүлү "майлуу" жана "майсыз" трасса деген түшүнүк бар экенин айтты.
- Катардагы МАИ кызматкери болуш үчүн бир топ каражат талап кылынат. Аттестациялык комиссия формалуу түрдө. Сабаты жок жарандар инспектор болуп калып жатышат. 1000-1500 сомдон күнүмдүк акча чогултуу маселеси бар. "Майлуу" жана "майсыз" трасса деген бар экен. "Майлуу" жерине акча алып келген, талапты аткаргандар коюлат экен. "Майсыз" трассага акча алып келбегендерди коюшат экен. Радар колуна тийсе ага өзүнчө ставка экен.
Арапбаев бул маселени катуу көзөмөлгө алууну талап кылды.
Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерине карата коомчулукта сын-пикирлер көп. Айдоочулардын айтымында, "погончондор" мурдагыдай эле пара алып жатса, кээ бирлери кызматкерлердин оройлугуна нааразы болушууда. (КЕ/ЕВМ)