Ала качууга туш болуп, кийин Жайыл райондук милициясынын имаратында өлтүрүлгөн 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө шектүү Марс Бөдөшев ооруканадан чыга элек. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, учурда ал жаткан палата кайтарууга алынган. Алган жаратына байланыштуу дарыланып чыгары менен камакка алынат. Буга чейин сот аны эки айга камакка алуу боюнча чечим чыгарган.
27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган. Кандуу окуя Кыргызстандагы кыз-келиндердин укуктарынын сакталышын, кыз ала качуу маселесин күн тартибине койду. Бул окуяны иликтеп чыгууну президент Сооронбай Жээнбеков тапшырган.
Кызматтык иликтөөдөн соң Чүй облустук милициясынын башчысы баш болгон 20дан ашуун кызматкер иштен алынган. (BkA)