Дональд Трамп Сингапурга учуп келди

Дональд Трамп Сингапурга конду

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Пхеньяндын өзөктүк арсеналы тууралуу сүйлөшүү үчүн Сингапурга учуп келди.

Андан мурда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын келгенин Сингапурдун тышкы иштер министри Твиттерге жазган.

Сингапурдагы жолугушууга барыш үчүн Трамп Канадада өтүп жаткан “Чоң жетинин” жыйынынан эрте кеткен. Бул жолугушууну ал Түндүк Кореяга берилген “жалгыз мүмкүнчүлүк” деп атап, анын ийгиликтүү болоруна ишеним билдирген.

АКШ президентин мамлекеттик катчы Майк Помпео, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Жон Болтон, Ак үйдүн администрация башчысы Жон Келли жана пресс-катчысы Сара Сандерс коштоп келди.