Путин: Украина менен абактагыларды алмашууга азырынча эрте

Орусиянын президенти Владимир Путин Украина менен абактагыларды алмаштыруу маселесин талкуулоого али эрте экенин билдирди.

Бүгүн Циндао шаарында өткөн ШКУ саммитинде журналисттердин “Орусияда өтө турган Дүйнөлүк футбол биринчилигинин алдында айрым украиналык туткундар бошотулушу мүмкүнбү?” деген суроосуна Путин “бул маселе качан чечилерин айтууга али эрте” деп жооп берди.

Петро Порошенконун маалымат кызматы билдиргендей, украин лидери 9-июнда Путин менен телефондон сүйлөшүп, орус абактарында ачкачылык жарыялаган украин жарандарын көп создуктурбай бошотууну талап кылган.

Украина бошотууну талап кылгандардын арасында кинорежиссер Олег Сенцов да бар. Ал 14-майдан бери Орусиянын Ямало-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарынын "Ак аюу" деген түрмөсүндө ачкачылык кармап жатат.

Кинорежиссер Орусия аннексиялап алган Крымдан 2014-жылы май айында кармалган. Кийин Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт уюштурууга даярданган" деген айып менен 20 жылга кескен. Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана Орусия койгон айыпты толугу менен четке каккан.