Лейлекте селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Лейлек районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Айрым айылдардын жашоочуларын тез арада чатырларга чыгаруу каралууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Жеринде райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак жана Ак-Суу айыл аймактарында бир бала бакчанын, 80 үйдүн короо-жайын суу каптаган. Селдин кесепеттерин жоюу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү элден 200дөй киши тартылып, иштеп жатат.

9-июнда катуу жааган жамгырдан улам Лейлек районунун айрым айылдарында сел жүргөн. Анын айынан Коргон – Катраңдын 16-21- чакырымы жана Исфана – Андарак - Көк-Таш айылдарынын ички автоунаа жолдорунун 14-18 - чакырымдарында шагыл аралаш сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.(TSh)