Талиптер ондогон коопсуздук кызматкерин өлтүрүштү

9-июнь күнү Ооганстандагы Кундуз провинциясынын Калае Зал өткөрмө бекетине талиптер кол салып, 25 жергиликтүү полиция кызматкери өлдү. Дагы тогуз киши жарадар болгон. Бул тууралуу коңшу Имам Сахиб районунун жетекчиси Аманеддин Курейши маалымдады.

Герат провинциясында 17 ооган аскери Завол районундагы өткөрмө бекетинде талиптердин колунан ажал тапты.

Буга чейин "Талибандын" согушкерлери ооган бийлигинин орозонун соңундагы Айт майрамына байланыштуу ок атышууну токтотуу сунушуна макул болгон. Бирок талиптердин билдирүүсүндө “сырткы күчтөргө” каршы чабуул улантыла берет деп жазылган.

Ооган президенти Ашраф Гани 7-июндагы видеокайрылуусунда, "Талибан" менен ок атышуу орозонун соңундагы Айт майрамына байланыштуу 12-20-июнь күндөрү токтотуларын билдирген. (TSh/BCh)