Кыргызстан-Кытай темир жолу боюнча эксперттер Бишкекте жолугат

Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча жумушчу топ жай айларында Бишкекте чогулат. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, учурда темир жолдун багыты менен өтмө базаны тактоо иштери жүрүп жатат.

Кыргызстан Торугарт - Ат-Башы - Ак-Талаа, Тогуз-Торо - Жалал-Абадды аралап өтө турган багытты сунуштады. Жолдун жалпы узундугу 433 чакырым. Үгүткө өтмө база куруу пландалган.

Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган темир жол куруу демилгеси көтөрүлгөнүнө 10 жылдан ашканы менен, орток пикир табылбай келет. 2012-жылдагы вариант боюнча темир жолду курууга 6-6,5 млрд. доллар кетет.

Калиевдин белгилешинче, темир жол куруу маселеси Бээжинде, президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапары учурунда да көтөрүлдү.

Сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргызстандык делегация Бээжинде кытайлык жол салган компаниялардын өкүлдөрү «Кытай темир жол куруу корпорациясы» жана «China Railway Group Co.Ltd» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Анда транспорт тармагындагы кызматташуу маселеси талкууланып, кытайлык компаниялар Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга кызыкчылыгы бар экени айтылды. (КЕ)