Австрияда жети мечит жабылат

Венадагы полиция имараты.

Австрияда жети мечит жабылып, ондогон имамдар өлкөдөн чыгарылат. Бул тууралуу 8-июнда Венадагы басма сөз жыйынында канцлер Себастьян Курц билдирди. “Биздин өлкөдө жанаша коомдорго, саясий исламга жана радикалдык тенденцияларга орун жок” деген Курц буга мечиттер 2015-жылы кабыл алынган мыйзамды бузушканы себеп болгонун кошумчалады.

Сөз болуп жаткан документте мусулмандар Австриянын коомдук эрежелерин сыйлап, өлкөнүн принциптерине баш ийиши зарыл экени белгиленген. Өлкөнүн ички иштер министри Херберт Кикль учурда 40 имамдын ишмердиги текшерилип жатканын айтты. Курц Австриядагы жаңы мечиттердин курулушун тыштан каржылоого тыюу салган мыйзамды колдоп, өлкөдөн башпаанек алган качкындарга жөлөкпулду кыскартууну көздөгөн программасы менен былтыр шайлоодо жеңип, өкмөт башына келген.