9-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31;
Таласта түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24;
Нарында түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25;
Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18, күндүзгү жогорку температурасы 28…30 болот.