Бүгүн Дүйшөнбек Зилалиевдин соту болот

Дүйшөнбек Зилалиев.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бүгүн Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ишин кароону улантат. 4-июндагы жараянда күбөлөрдүн көбү суралып бүткөн. Бүгүнкү отурумда калган эки-үч күбө сурала турганын Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирген.

Зилалиевге карата президент Сооронбай Жээнбековдун былтыр 24-ноябрда болгон инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси менен ("Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу") кылмыш иши козголгон.

Инаугурация күнү президенттик кортеж өткөн көчөдө "бомба коюлду" деген кабар тараган. Жергиликтүү маалымат каражаттары бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганын, ага болсо "1532 ВК" мамлекеттик номерлүү "Лексус" машинесинен белгисиз бирөө билдиргенин жазган. Кийинчерээк "машиненин номуру Зилалиевге таандык" деген маалыматтар чыккан.

30-мартта УКМК Дүйшөнбек Зилалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча айыбын угузуп, ага карата эч жакка кетпөө тууралуу тилкат алуу менен бөгөт чарасы каралган. (NT)