Менталдык арифметика жарышында кыргызстандык балдар утту

Сынакка катышкан кыргызстандык балдар.

Менталдык арифметика боюнча Ысык-Көлдө өткөн эл аралык жарышта кыргызстандык балдар эң мыкты натыйжа көрсөтүштү.

1-3-июнь күндөрү көл жээгиндеги «Витязь» пансионатында менталдык арифметиканын FOC форматы боюнча (Fast Oral Count — оозеки тез эсептөө) II эл аралык сынагы болду. Аны “Звездочки” интеллектуалдык өнүгүү борбору Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге уюштурду.

Сынакка баргандар.

“Звездочки” интеллектуалдык өнүгүү борборунун жетекчиси Жибек Шарапова билдиргендей, таймашка Кыргызстандын бүт аймактарынан, Казакстандагы, Тажикстандагы жана Орусиядагы алты шаардан келген 4 жаштан 16 жашка чейинки 300дөй бала катышты. Кыргыз өкмөтүнөн, бийликтен адамдар барышты.

Катышуучулар экранга чыккан үч орундуу сандарды эң көп дегенде бир, эң аз дегенде 0,2 секундада кошуп-кемитишти.

Таймашта 18 топтом алтын, 30 күмүш жана 48 коло медаль ойнотулуп, белектер тартууланды.

Жалпы командалык эсепте Бишкектеги "Интеллект" борборунун балдары биринчи орунду ээледи. Казакстандан келген "Lets" жана "Акменар" тобу экинчи орунду алышты. Үчүнчү орунга казакстандык "Uniquekids" менен кыргызстандык "Звездочки" борборунун балдары ээ болушту.

Казакстандан келген команда кыргызстандыктарды быйыл сентябрда Астанада өтчү таймашка чакырышты.

Жибек Шарапова

Ысык-Көлдөгу иш-чаранын алкагында “Звездочки” интеллектуалдык борбору Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат жана туризм министрликтери менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.