Европарламент Орусиядагы саясий туткундардын картасын жарыялады

Орусияда камакта отурган украиналык режиссер Олег Сенцовду бошотууну талап кылган акция. Украина. 1-июнь, 2018-жыл.

Европарламенттин "Жашылдар" фракциясы жарыялаган картада Орусиядагы саясий туткундар кармалган аймактар көрсөтүлгөн.

Картанын түзүүчүлөрү Орусияда 14-июнда баштала турган Футбол боюнча дүйнө чемпионатын утурлай күйөрмандардын көңүлүн "бул өлкөдө болуп жаткан адам укуктарынын бузулушуна көңүл бурдурууну көздөп жатышат" деп кабарлады "Deutsche Welle" медиасы.

"Жашылдар" фракциясынын сайтында Орусиядагы "Мемориал" укук коргоо борбору даярдаган саясий макалалар үчүн соттолгон 100 кишинин да тизмеси бар.

Буга чейин "Human Rights Watch" уюму футбол чемпионатынын алдында Орусияда адам укуктарынын абалы начарлап кеткенин билдирген. Укук коргоочулардын маалыматына караганда, стадиондорду кургандардын укуктары бузулуп, элдик жыйындарды өткөрүү укугу чектелип жатат.

Май айында "Human Rights Watch" Эл аралык футбол федерациясына кайрылып, оюндар башталганга чейин орус бийлигинен "Мемориалдын" Чеченстандагы бөлүмүнүн жетекчиси Оюб Титиевди бошотууга жетишүүгө чакырган.