Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолукту

Бээжин. Сооронбай Жээнбековду тосуп алуу учуру.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдагы мамлекеттик сапарынын алкагында бул өлкөнүн төрагасы Си Цзинпин менен жолугушту. Ушу тапта эки өлкөнүн расмий делегацияларынын кеңейтилген форматтагы жолугушуусу өтүүдө.

Жээнбеков өз сөзүндө биринчи мамлекеттик сапары Кытайда болуп жатканына кубанычта экенин айтты.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык жаңы тарыхый деңгээлге жогорулап жатканы белгиленди.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков башында турган кыргыз делегациясынын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясий бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Исхак Масалиев, Адыл Жунус уулу, Кубанычбек Нурматов, Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Акрам Мадумаров, финансы министри Адылбек Касымалиев, экономика министри Олег Панкратов, айыл чарба министри Нурбек Мурашев, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиев, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын иштетүү боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Улан Рыскулов бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин чакыруусу менен 6-8 июнда Кытайда мамлекеттик сапарда болот. Бул күндөрү Жээнбеков Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаншу менен жолугат жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (/ШКУ) саммитине катышат. (KE)