Карыпбеков: КТРКнын бюджети тууралуу Финансы министрлиги калп айтат (видео)

КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков.

КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков финансы министринин орун басары Улугбек Кармышаковду бюджет тууралуу жалган маалымат таратып жатканын айтып күнөөлөдү. Талаш бүгүн Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчетун угуу учурунда орун алды.

КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков депутат Нурбек Алимбековдун суроосуна жооп берип жатып, телеканалдын бюджети 7-8 жылдан бери бир калыпта көбөйбөй келатканын билдирди. Депутат бул маалыматты финансы министринин орун басары Улугбек Кармышаковдон да тактап сурады.

- 2015-жылы бюджеттен КТРКга 400 миллион сом бөлүнгөн. 2016-жылы 439 миллион 300 миң сом бөлүнгөн. 2017-жылы 475 миллион сом бөлүнгөн. Андан тышкары 2017-жылы көчмө студияны сатып алууга 70 миллион сом пайызсыз бюджеттик насыя бергенбиз. Бюджет көбөйбөй жатат деген туура эмес. Бул маалымат чындыкка жатпайт, - деди финансы министринин орун басары Улугбек Кармышаков.

Илим Карыпбеков министрликтин өкүлү аны калпычы кылып жатканын айтып, анын өзүн калпычы деп атады:

- Бюджетти билбейт экен. Үстүртөн эле сандарды көрүп алып айтып жатат. Биринчиден кайсы беренелер боюнча көбөйгөнүн айтыш керек эле да. Ал каражат Орусиянын биринчи каналын трансляция кылуу үчүн РПО РМТРге КТРК аркылуу которулуп туруучу каражат. Ал эми КТРдин соцфонду, айлыгы же башкасы бир тыйынга да көбөйгөн жок. Ал эми көчмө студияга бөлүнгөн каражатты биз ссуда кылып алганбыз. Аны биз ай сайын төлөп берип атабыз. Ошону тактап алып туруп анан маалымат бериңиз, элди калпычы кылбай, - деди Илим Карыпбеков.

Бүгүн Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчетун угууда. (KR)