Санкт-Петербургда эки кыргызстандык бычакталды

Санкт-Петербург шаары. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын Колпинский районундагы Понтонный кыштагында Кыргызстандын эки жараны 31-майда бычакталды. Бул тууралуу кабарды Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ырастады.

Маалыматка караганда, кыргызстандыктарга белгисиз адамдар кол салып, аларга көп жолу бычак сайылган. Жабыркагандар "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген. Алардын бири 20 жашта, Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында туулган. Экинчиси Таш-Көмүр шаарында туулган 28 жаштагы жаран.

4-июнда жабыркагандардын туугандары Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Санкт-Петербургдагы консулуна кайрылышкан. Элчилик кызматкерлери кыргызстандыктар жаткан № 33 ооруканага барып, аларды караган дарыгер менен жолугушкан.

Дарыгер бычак тийген кыргызстандыктардын бири 4-июнда канааттандырарлык абалда бейтапканадан чыгарылганын билдирген. Ал эми экинчи жаран алган жараатынан улам жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек экени белгилүү болгон. Ал дүйшөмбүдө эсине келген, абалы туруктуу, бирок оор деп бааланууда.

Кыргызстандыктарга кол салуу боюнча Санкт-Петербург полициясы​кылмыш ишин козгоп, тергөө уланууда. Шектүү катары бир нече киши кармалган, дагы издөө иштери жүрүп жатканы кабарланды. Бычак тийип, ооруканадан дарыланып чыккан жаран көрсөтмө берип жатат.