Садыр Жапаровдун соту эртеңкиге жылды

Жогорку соттун алдына Садыр Жапаровду колдоп чыккандар. 5-июнь, 2018-жыл.

Камактагы саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун соту 6-июнга жылды. Жапаровдун доо арызы боюнча ишти Жогорку сот 29-майдан тарта карай баштаган. Бүгүнкү жараянда айыпталуучунун адвокаты Шарабидин Токтосунов сөз сүйлөп, анын күнөөсү тергөөдө далилденбегенин айтып, Жогорку соттон саясатчыны актоону өтүндү.

Ишти караган сот бардык тараптардын сөзүн бүгүн толук угууга жетишкен жок. Эртеңки жараянда Жапаровдун башка адвокаттарына, мамлекеттик айыптоочуга сөз берилет. Андан кийин чечим чыгууга тийиш.

Жараян өтүп жаткан кезде Жапаровдун тарапкерлери Жогорку соттун алдына пикетке чыгышты. Алар колуна Жапаровдун бошотулушун талап кылган жазууларды кармап, саясатчыны актоону талап кылышты. Эркин байкоочулардын эсебинде, пикетке 500дөй адам келген. Жапаровдун адвокаттары колдоо акциясына 2 миңдей киши чыкканын, алар дале тарабай турганын билдиришти.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу "митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыптын негизинде кармалган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 2-августта аны Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп таап, он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Ошол эле жылы 17-сентябрда Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Садыр Жапаров муну бийликтин куугунтугу катары баалап, "соттор саясий буюртманы аткарып жатышат" деп билдирген. (NT)