Министрлик: Даярдоо класстары баланы сынаксыз алышы керек

Чоң-Алайдагы мектеп.

Башталгыч мектепке даярдаш үчүн ачылган класстар баланы окууга эч кандай сынаксыз кабыл алышы керек. Бул тууралуу "Азаттыкка" билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди:

- Даярдоо класстарына балдар эч кандай сынак тапшырбай эле бара алышат. Биринчи кезекте ошол мектепке жакын жайгашкан микроучастоктогу балдарды биздин кызматкерлер каттоого алышат. Бул иш Бишкекте жыл сайын болот. Өзү жашаган аймактагы мектепке сынаксыз кирүүгө ар бир бала укуктуу, - дейт министрдин орун басары.

Мектепке даярдык класстары алгач 2006-жылы 100 сааттык программа менен башталып, 2016-жылдан бери 480 сааттан бир жылдык мөөнөт менен иштеп жатат.

Буга чейин "Азаттыкка" айрым угармандар шаардагы мектептерде даярдоо класстарына сынак болуп жатканын айтып кайрылышкан эле. (BCh)