Санариптик трансформациялоо боюнча эксперттик кеңеш түзүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш түзүлдү. Кеңеш мамлекет башчыга караштуу орган катары иштейт. Аны президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев жетектемей болду. Кеңешти түзүү тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Жарлыкта максат “санариптик трансформациялоо үчүн жагымдуу шарт түзүү, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү, мамлекеттик башкарууда жана киберкоопсуздукту камсыз кылууда инновациялык ыкманы колдонуунуга багытталган мамлекеттик саясатты түзүүгө жана ишке ашырууга жарандык коомдун, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу” экени айтылат.

Кеңеш маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны экспертизадан өткөрөт жана аны өркүндөтүү боюнча, анын ичинде эл аралык интеграциялык процесстер жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат.