Гватемалада жанар тоо атылып, жыйырмадан ашык киши көз жумду

Жанар тоо атылган аймакта иштеп жаткан куткаруучулар. 3-июнь, 2018-жыл.

Гватемалада Фуэго жанар тоосу атылганда кеминде 25 адам көз жумду, дагы 300дөй киши жарадар болду. ВВСнин жазганына караганда, аймактан 2000дей киши көчүрүлгөн.

Жергиликтүү бийлик жанар тоо азыр да атылып жатканын, ошондуктан курмандыктардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирүүдө.

“Рейтер” агенттигинин маалыматына караганда, лава агымы бир айылды басып калган. Жанар тоонун атылышынан Ла-Аурора аба бекетиндеги жалгыз эл аралык учуп-конуу тилкеси да жабылды.

Кырдаалдан улам бүткүл өлкө боюнча коопсуздуктун “саргылт” деңгээли киргизилди.

Гватемаланын Жанар тоо таануу, сейсмология жана метеорология боюнча улуттук институтунун кабарына караганда, жанар тоо деңиз деңгээлинен 10 миң метр бийиктикке чейин күлүн чачып жатат. Фуэго жанар тоосу өлкө борборунан 40 чакырым аралыкта жайгашкан. Азыркы жанар тоонун атылышы 1974-жылдан бери эң кубаттуусу катары бааланууда.