Чүйдө автоунаалар кагылышып, бир адам каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунда кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болуп, жүргүнчүсү оор жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кырсык жолдун 42-чакырымында болгон. "Форд-Фокус" үлгүсүндөгү жеңил автоунаа менен "Мерседенс-Бенц D-811" (гигант) үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа сүзүшкөн. Жеңил унаанын 41 жаштагы айдоочусу окуя болгон жерде көз жумган, 33 жаштагы жүргүнчү жарадар болгон. Аларды ӨКМдин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери чыгарып алып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Каза болгон адам жана жабыркаган адам Кант шаардык ооруканасына жеткирилген.

31-майда Бишкек-Нарын-Торугарт трассасында 250-чакырымында да жол кырсыгы катталып, андан үч киши каза таап, алты адам оор жаракат алган. (ErN)