Аялдын ажарын ачкан ак элечек
“Кийиз дүйнө” коомдук фонду азыркы ааламдашуу мезгилинде салттуу кийимдерди изилдөө абдан маанилүү деп эсептейт.
Биринчиден, улуттук кийимдер баа жеткис тарыхый булак болуп саналса, экинчиден, салттуу кийимдер улуттук эзелки тарыхын чагылдырат.
Кыргыз кийими жана анын улуттук өзгөчөлүктөрү тарыхый узак мезгилде табигый жагдайлардын, көчмөн мал чарбанын жана ага байланган жашоо ыңгайынын өзгөчө шартында калыптанган.
Иш-чарада элечектердин сүрөт көргөзмөсү “Аялзат куту-элечек” деп аталды.
Адистердин айтымында, кыргыз элинде ар бир уруунун айымдары элечекти өз өзгөчөлүгү менен орогон.
Ушул тапта “Кийиз дүйнө” коомдук фонду ал элечектердин 13 түрүн тапкан.
Тарыхчылар айымдардын элечеги жаш өзгөчөлүктөрүнө жана социалдык абалына карата ар кандай кооздуктар, оймо-чиймелер (кеште, сайма) менен көркөмдөлгөнүн айтышат.
Устаттык саат учурунда Таластан келген энелер Эркин Калдыева өзүнө өзү элечек орогонду көрсөтсө, Мадан Иманбекова эне көрсөткөн элечекти долбоордун уз кыздары Асел жана Гулзада ороп көрсөттү.
Бет ачар “Кийиз дүйнө-Көчмөн рух” долбоорунун алкагында уюштурулган.
Көргөзмө М.В Фрунзе атындагы үй-музейинде бир аптага чейин уланат.