Башкы прокурор "саясий куугунтук" тууралуу пикирин айтты (видео)

Өткүрбек Жамшитов.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Кыргызстанда "саясий куугунтук болуп жатат" деген сөздөр негизсиз деп эсептейт.

Бүгүн Жогорку Кеңеште отчет берип жатып “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаевдин: “Саясий куугунтук деп көп айтылууда. Буга эмне себеп?” деген суроосуна жооп берип жатып ал:

- Кылмыш иши боюнча тергөө органы күнөөсүн таап жатат. Далили жетиштүү болуп, айыбы угузулуп жатат. Баары тараптардын укук-милдеттерин түшүндүрүү менен Кылмыш-процессуалдык кодекстин негизинде жүргүзүлүүдө. Аягына чекитти сот коюшу керек, - деди.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков парламенттин 17-майдагы жыйынында Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланышкан маселе талкууланган учурда укук коргоо органдарына кайрылып, калыс териштирүү жүргүзүүгө чакырып, "саясий куугунтук эч качан болбошу керек. Бул абдан маанилүү нерсе. Качан саясий куугунтук башталганда бийликтин аброюна шек келет" деп айткан. (RK)