Батукаевди Кыргызстанга алып келүү маселеси чечиле элек (видео)

Азиз Батукаев Нарын түрмөсүндө. Архивдик сүрөт.

Азиз Батукаевди Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечиле элек. Бул тууралуу бүгүн парламентте отчет берип жатып башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди:

- Батукаевдин өзүн алып келип, көрсөтмөсүн алмайынча бир жыйынтык чыгаруу азырынча кыйын. Батукаев Орусиянын Чечен Республикасында жети жылга камалган. Ошол жазасын өтөмөйүнчө аны экстрадициялоо маселеси чечиле элек.

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде "айыккыс ооруга чалдыкты" деген негизде бошотулган. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. (RK)