Ошто "Жыл мугалими" сынагында соцтармакта да добуш берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

30-май күнү Ош шаарында "Жылдын мыкты мугалими - 2018" сынагынын финалдык баскычы болот. Мектептик баскыч март айында уюштурулуп, жеңүүчүлөр ачык сабактарды өтүп, андан тышкары мугалимдердин диагностикалык сынагына катышкан. Финалдык баскычка өткөн беш мугалим үчүн социалдык тармактар аркылуу да добуш берүү уюштурулду.

"Жылдын мыкты мугалими - 2018" сынагы Ош шаарында жыл сайын өзгөчө белгиленип, баш байгенин ээсин мэрия автоунаа менен сыйлайт.

Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча Кыргызстанда мугалимдердин орточо айлык акысы он бир миң сом. Мугалимдер өздөрү иш жүзүндө колуна тийген айлык акы бул көрсөткүчтөн кыйла төмөн экенин айтып келишет. (MdN)