Азербайжан "Түштүк газ коридору" аттуу долбоордун биринчи баскычын ачты. Түтүк Каспий деңизинен чыккан жаратылыш газын Европага Орусияны кыйгап жеткирип турмакчы.
"Долбоор Европанын жаңы энергетикалык картасын пайда кылат", - деди Азербайжандын президенти Илхам Алиев 29-майда Бакунун жанында өткөн салтанатта. Батыш өлкөлөрүнүн жогорку өкүлдөрү катышкан иш-чарада Алиев Сангачал газ терминалындагы кранды ачты.
Жаңы куурдун узундугу 3 500 чакырымга барабар. Ал Грузияны, Түркияны, Грецияны, Албанияны аралап өтүп, Адриатика деңизинин түбү менен Италияга чейин төшөлөт. 2020-жылдан тартып ал Европага жылына 10 млрд. куб метр газ жеткирип турмакчы.