Исаков: Музейди оңдоого тиешем бар экенине сыймыктанам (видео)

Сапар Исаков.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак бериш үчүн келген мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук тарых музейин оңдоо иши боюнча да түшүндүрмө берди. Ал музейди оңдоого алгач Түркия акча бергенин, кийин Кыргызстан өзү акча тапканын билдирди:

- Казакстанды алалы, башка мамлекеттерди алалы, ар бир өзүн сыйлаган мамлекетте заңгыраган тарых музейи бар. Кыргызстандын тарыхы жөнүндө билгиси келгендер, Кыргызстанга келген коноктор ушул музейге киришет. Анан мурда музейде Ленин атабыздан башка эч нерсе жок болчу. Эми мына азыр музейге киргенде суктана тургандай, "Кыргызстандын тарыхы бай экен" деген ойго келе турган болуп калды. Музейди оңдоо биздин демилгебиз болчу. Алмаз Шаршенович президент болуп турганда биздин алдыбызга ушул максатты коюп, “тарых музейин бүтүрүшүбүз керек, музей чыныгы сыймыктана турган жер болушу керек” деп айткан. Алмаз Шаршенович Атамбаевдин тапшырмасы менен, мен тиешелүү процесстерди көзөмөлдөп турдум. Анан азыр эми “тигил буюм мынча турат экен, бул буюм мынча турат экен, мындай кымбат болбош керек” деп айтып жатышат. Эгер ошондой шек болсо - анда сөзсүз түрдө изилденип, текшерилиши керек. Бирок биз жашаган иш Кыргызстанга пайда алып келе турган иштердин бири болду деп ойлойм. Тарых музейин оңдоого менин да тиешем бар экенине сыймыктанам, - деди Сапар Исаков.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы 25-майда Улуттук тарых музейин оңдоо маселесин көчмө жыйында талкуулап, ага акча сарамжалсыз жумшалганын, жабдуу, эмерек жана экспонаттар өтө кымбат баада сатылып алынганын жарыялаган. Анда 58 даана жыгачтан жасалган инсталляциянын ар бири 600 доллардан, аттын эки жыгач калыбы 14 миң евродон бааланганы айтылган.

28-майда болсо УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Эсеп палатасы менен кошо Улуттук тарых музейин реконструкциялоо боюнча бюджеттик каражаттарды туура эмес жана максатсыз пайдалануу тууралуу текшерүү иштерин жүргүзө баштаганын билдирген.

УКМКнын маалыматына караганда музейди оңдоого мамлекеттик бюджеттен 1 млрд. 569 млн. 477 миң сом бөлүнгөн. (ErN\BkA)