Кошумча нарк салыгы боюнча кылмыш ишинин алкагында дагы бир фирма аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратуранын бүгүн тараткан маалыматына караганда, кошумча нарк салыгы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жаңы жагдайлар аныкталды. Маалыматка караганда, Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы “БК”, “Д” жана “С” аттуу жоопкерчилиги чектелген коомго жалпысынан 20 млн. сомго жакын каражатты мыйзамсыз төлөгөнү белгилүү болду. Буга байланыштуу тиешелүү мамлекеттик кызматтын өкүлдөрүнө Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (“Алдамчылык”), 221-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы”), 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 315-беренеси (“Кызматтык жасалмалоо”) менен кылмыш иши козголду. Тергөө, иликтөө иштери уланууда.

Кыргызстандын экономикасына 800 миллион сомдон ашуун зыян келтирген кызмат адамдарынан турган коррупциялык түйүн аныкталганын быйыл 20-мартта Башкы прокуратура кабарлаган.

Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу жана кайтаруу боюнча өкмөткө караштуу комиссия "2016-2018-жылдары жасалма документтерди колдонуп мыйзамсыз аракеттерге барган" деп шектелип жатканы, андан бери мамлекет 847 миллион сомдук зыян тартканы айтылган.

Козголгон кылмыш иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүлүп берилген. Буга чейин козголгон кылмыш иштеринин алкагында “Таргет компани”, “Тянь-Шань–Кайыңды” (мурдагы “Фрезия”) жана алар менен аффилирленген “Скай Логистик”, “Шелковый путь Транс” фирмалары текшерүүгө алынып, жетекчилери УКМКнын убактылуу тергөө абагына камалган. Анын алдында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов, дагы беш салык кызматкери жана "Полларис", "Интеррустрейд" деп аталган ишканалардын жетекчилери камакка алынган. (КЕ)