Кемерово: өрт кырсыгына байланыштуу ӨКМдин облустагы жетекчиси камалды

Александр Мамонтов.

Сот Кемеров облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Александр Мамонтовду "Зимняя вишня" соода борборундагы 60 адам каза тапкан өрт кырсыгына байланыштуу эки айга камады. Ошондой эле ӨКМдин Кемерово шаарынын көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси Григорий Терентьевди да эки айга камоо чечими чыкты. Мамонтов менен Терентьев окуядан кийин эки айдан соң, 25-майда кармалган. “Зимняя вишня” соода борборундагы өрттүн чыгышына күнөөлүү деп кармалгандардын жалпы саны ушуну менен 10 кишиге жетти.

Тергөөнүн материалдарына караганда, облустук мекеменин башчысы Александр Мамонтов жана Кемерово шаарынын көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси Григорий Терентьев борбордо өрт коопсуздугун планга ылайык текшербей коюшкан. Текшерүү 18-мартка чейин өтүшү керек болчу. Өрт болсо бир жумадан кийин тутанган. Андан тышкары Мамонтов 2 миллион рубль акчаны кымырып алган деп шек саналып жатат.

Расмий маалымат боюнча 25-мартта “Зимняя вишня” борборундагы өрттөн 60 адам көз жумган. Өрт курмандыктарынын 40тан көбү балдар болчу.