Сергей Собянин Москванын мэринин шайлоосуна дагы катышат

Сергей Собянин.

Москванын мэри Сергей Собянин 9-сентябрда өтө турган шайлоого катышат. Орусиянын баш калаасын 2010-жылдан бери башкарып келе жаткан Собянин бул тууралуу 27-майда расмий сайтында жарыялады.

Анда Собянин өз администрациясынын “иштери толук аяктай электигин, ошентсе да, пландалган жумуштун эң кыйыны жана оору артта калганын” белгилеген.

Оппозициялык саясатчы Илья Яшин 11-апрель күнү мэр шайлоого катышарын маалымдаган. Анын талапкерлигин оппозиция лидери, жемкорлукка каршы активист Алексей Навальный да колдогон. Навальный өзү 2013-жылы Москвадагы мэр шайлоого катышып, 27 пайыз добуш алган.

59 жаштагы Сергей Собянин Тюмень облусунун губернатору, вице-премьер-министр, президенттин администрациясынын башчысы болуп иштеген. 2010-жылы аны ошол кездеги президент Дмитрий Медведев Юрий Лужковдун ордуна Москванын мэри кылып дайындаган.