Гирне шаарындагы "Доктор Акчичек" ооруканасынын дарыгери Өзжан Хүдаверди "Азатыкка" билдиргендей, 27 жаштагы кыргызстандык жигит 24-майда бычак жеген, эки буту сынган абалда ооруканага түшкөн. Анын денесине 7-8 жолу бычак сайылганы айтылды. Учурда абалы оор, комада жатат.
Окуя 24-майда Түндүк Кипрдин Гирне шаарында болгон. Тез жардам бөлүмүнө алгач жергиликтүүлөрдөн телефон аркылуу кыргызстандык жаран "көп кабаттуу үйдөн кулады" деген кабар келген. Дарыгерлер барып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз. Гирне шаарынын полиция кызматы иликтөө иштерин баштаганы кабарланды.
Такталбаган маалыматтарга караганда, Түндүк Кипрде бир жарым миңден ашуун кыргызстандык жаран жашап-иштейт. Негизинен алар тейлөө кызматтарында, казино-ресторандарда иштеп келет. (ElB)