Тогуз-Торо районунун акими болуп Айбек Кожошев дайындалды

Тогуз-Торо району.

Тогуз-Торо району.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 26-майда кол койгон буйрукка ылайык, Айбек Кожошев Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими болуп дайындалды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Айбек Кожошев буга чейин Тогуз-Тородо акимдин орун басары болуп эмгектенчү.

Ал эми мурдагы аким Тилек Идирисов "Жи Эл Макмал Девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундардын нааразылык акциясынан улам кызматтан алынган.