Каракол шаарынын тургуну 22 килограммдан ашык баңгизат менен кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жети-Өгүз районунун 34 жаштагы тургуну «Укук-Тартип» операциясынын жүрүшүндө колго түшкөн. Текшерүү учурунда анын жанынан эки мүшөккө салынган марихуана табылган. Баңгизаттын салмагы 22 килограмм 525 граммды түзгөн.

Факты боюнча Каракол шаардык ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси ("Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү") менен кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.

Баңгизат менен кармалган жаран эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган.

ИИМдин маалыматына караганда, 2017-жылы баңгизаттарга каршы күрөштүн алкагында 1,5 миңдей кылмыштын бети ачылып, ал операциялар учурунда 14 тонна баңгизат алынган. (NT)