Жыгачтан жасалган "Барсбек" инсталляциясынын 58 даанасынын ар бири 600 доллар турат (видео)

Бул инсталляциянын ар бир даанасы 600 долларга бааланган.

Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын Улуттук тарых музейинде өтүп жаткан көчмө жыйынында музейдин директору Кеңешбек Алмакүчүков кабарлады.

Тарых музейинин кызматкери 58 даана жыгачтан жасалган "Барсбек" деп аталган инсталляциянын ар бири 600 доллардан экенин "Азаттыктын" кабарчысына айтып, инсталляция интеллектуалдык эмгек экенин, дал ошол себептен анын баасы кымбат экенин айтты.

Көчмө жыйын учурунда эмеректердин баасы тууралуу да маселе көтөрүлүп, "Ата Мекен" фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Бахадыр Сулайманов бул тууралуу музейдин жетекчилигине суроо узатты:

- Бул эмеректер албетте, музейге керек. Бул биздин маданий мурасыбыз. Бирок эмеректерди мынча кымбат баага Германиядан алып келүүнүн зарылдыгы бар беле?

Парламент депутаты Каныбек Иманалиев да эмеректерди чет өлкөдөн алып келбестен, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү тартса болмок деп нааразылыгын билдирди:

- Азыр Кыргызстанда өндүрүлгөн эмерек Казакстанга жана башка чет өлкөлөргө экспорттолуп жатат. Тарых музейинин эмеректерин өзүбүздөн алсак болбойт беле? Бул инсталляция жөнөкөй эле жыгач. Ар бирөө 600 доллар же бир жылкынын баасы.​

Фракция мүчөлөрү "Улуттук тарых музейинин эмеректерине ашыкча каражат сарпталган" деп айтып чыгышкан.​ (KR)