Баткенде милиция "Акыркы коңгуроону" майрамдоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

25-майда “Акыркы коңгуроо” салтанатын өткөрүү учурунда облус аймагында коомдук коопсуздук камсыздалып, коомдук эс алуу жайлары текшерүүгө алынат. Бул күнү Баткен милициясы күчөтүлгөн тартипте иштейт. Коомдук тартипти жана түрдүү укук бузуулардын алдын алуу үчүн район-шаарлардын аймагына жана эс алууга чыгуучу багыттарда көзөмөл күчөтүлөт.

Май айында Баткен милициясы билим берүү кызматкерлери менен чогуу облус аймагындагы бардык мектептерде ата-энелерге, окуучуларга «Бүтүрүүчү-2018» кечелерин ресторан-кафелерде, оюн-зоок жайларында жана жайлоо, тоо, туристтик базаларда, эс алуу жайларында тыюу салынгандыгын эскертип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

25-май күнү бүтүрүүчүлөр катталган ар бир тартип бузуулар, мыйзамсыз иш-аракеттер аудио жана видео тасмага алынып, Административдик жаза кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүмү (автобейбаштык) боюнча тартип бузууларды болтурбоо үчүн кымбат баалуу автоунаалардын салондоруна (анын ичинде лимузиндерге) текшерүү жүргүзүлөт. Эгерде салондордо бүтүрүүчүлөр болсо мыйзам чегинде чара колдонулат.

"Акыркы коңгуроо" салтанатын майрамдоо иш-чараларына облуста 500гө жакын милиция кызматкерлери көз салат.

Баткен облусу боюнча 234 орто мектеп бар. Бул мектептерде алты миңге жакын бала 9-классты, төрт миңден ашуун улан-кыз 11-классты бүтүрөт. (JsA)