"Ата Мекен" фракциясы Тарых музейин оңдоо боюнча жыйын өткөрөт

Мамлекеттик тарых музейи.

Парламентеги "Ата Мекен" фракциясы 25-майда Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо иштериндеги баалар боюнча көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу фракциянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, оңдоп-түзөө иштеринде баалар жогору көрсөтүлгөнү боюнча маалыматтар бар.

- Ал жерде түрк гранты менен оңдоп-түзөө иштери болгон. "Оңдоп-түзөөдө баалар жогору" деген маалыматтар бар. Муну текшериш керек. Парламент коррупция менен күрөшүүгө ушинтип жардам берет.

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова бул боюнча маалымат тактала турганын билдирди.

Тарых музейинде 135 миңден ашык буюм-тайым турат. Музей оңдоп-түзөө үчүн 2016-жылы 25-мартта жабылган. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги музейди жаңылоо эки этап менен жүрөрүн кабарлаган. Алгач Түркиянын Кызматташтык жана өнүгүү боюнча агенттиги (TİKA) музей имаратынын баарын ремонттоп бермекчи болуп, кийин жарым-жартылайын оңдоого гана көмөк көрсөткөн. Калганын Кыргызстан өзү оңдоп жатат. (TSh)