Кыргызстандан Өзбекстанга, Казакстанга өтүүдө кыйынчылык жоюла элек

Иллюстрациялык сүрөт.

Парламент Өзбекстанга өтүүчү “Достук”, Казакстанга өтүүчү “Ак-Жол” өткөрмө бекеттериндеги абалды тез арада чечүүнү өкмөттөн талап кылды. Депутаттардын айтымында, “Достук” чек ара өткөрмө бекетинде тыгын болуп, жарандар тебелендиде калып жатат. Ал эми “Ак-Жолдо” менчик машине менен өтүүдө ар кандай кыйынчылыктар жаралууда.

- Кордойдогу “Ак-Жол” өткөрмө бекетинде казак тараптан 5-6 машинени өткөрүп жатса, биз тараптан эки эле машине өткөрүп жатат дейт. Анан атайын тыгын жаратып, кезекте тургандардан 1000 сомдон 2000 сомго өткөргөн ортомчулар бар экен. Андан сырткары Оштогу “Достукта” абал оңолбой жатат. Массалык маалымат каражаттарында аялдар тебеленип жатканын көрсөтүүдө. Ушул маселелерди көзөмөлгө алгыла, - деди депутат Табалды Тиллаев.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров өкмөттүн өкүлүнөн чек ара маселеси боюнча бүгүндөн калбай жооп берүүнү талап кылды.

Кыргыз-өзбек чек арасында кезек күткөндөрдүн тыгыны жарым жылдан бери азайбай жатат. Айрыкча Ош менен Анжиян облустарынын ортосундагы “Достук” көзөмөл-өткөрмө бекетинде быйыл кыштан тартып жүк ташыгандар көбөйүп, ал кезек талаш, ызы-чуу менен коштолууда. Расмий маалыматка ылайык, бул жерден күнүгө 10-12 миң киши нары-бери каттайт. Мындай көрүнүш Жалал-Абаддагы “Маданият” өткөрмө бекетинде да орун алып жатканы айтылууда. (TSh)