Депутат судьялыкка талапкерлерге Текебаев, Жапаров боюнча суроо берди

Зиядин Жамалдинов.

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов абакта отурган саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдордун иштери боюнча сот чыгарган чечимдер тууралуу Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин пикирин сурады:

- Коомчулукта айтылып жаткан Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаевдер боюнча соттук чечимдер мыйзамдуу болдубу? Ушуну айтып берсеңиздер.

Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлер бир ооздон “башка соттун чечимдерине комментарий берүү туура эмес” деп жооп беришти.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров депутаттардан кайсы бир конкреттүү иштин чечими боюнча суроо бербөөнү өтүндү.

Бүгүн, 23-майда парламентте Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлерди тандоо маселеси каралып жатат. Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев талапкер катары Ирина Воронцованын, Дамира Орозованын, Кыдык Жунушбаевдин, Нургүл Бакированын, Айдарбек Алымкуловдун атын атады. Алар буга чейин укук коргоо, сот тармактарында иштеп келишкен. (TSh)