Абылгазиев: "Кумтөр" долбоору боюнча бардык иштер ачык болушу зарыл

Кумтөр алтын кени.

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 22-майда «Centerra Gold Inc.» компаниясынын директору Скот Перри менен жолукту. Анда 2017-жылы 11-сентябрда кол коюлган Стратегиялык макулдашуу боюнча сөз болгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы "Центерранын" жетекчисине Кумтөр долбоору болгону үчүн «Centerra Gold Inc.» дүйнөдөгү ири кен иштетүүчү ишканалардын катарына кирип жатканын эскертти.

- Өкмөт "Кумтөр" долбоорунун өлкөнүн экономикасындагы маанисин терең түшүнөт. Ошондой эле бул долбоор коомчулуктун көңүл борборунда турарын эске алсак, тараптар жүргүзгөн бардык сүйлөшүүлөр жана кабыл алган чечимдер коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн ачык болууга тийиш. Ошондуктан биз "Центтерранын" жетекчилиги тарабынан "Кумтөр" долбоорун ачык башкаруу системасын түзүш үчүн жасаган бардык аракеттерин колдойбуз. Айлана-чөйрөнү коргоо жана социалдык өнөктөштүк маселелеринде да өнүгүү зарылчылыгы бар, - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

"Центерранын" башчысы Скот Перри ишкана менен кыргыз өкмөтүнүн позициясын жакындатыш үчүн болгон күчүн жумшоого убада берди.

2017-жылдын 11-сентябрында өкмөт менен "Центерра Голд" компаниясынын ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге кол коюлган. Ага ылайык “Кумтөр” компаниясы “Калыбына келтирүү фондуна” жыл сайын 6 млн. доллар бөлүп турат. Келишим боюнча бул каражаттын минималдуу көлөмү 69 млн. долларга жетиши керек жана келечекте акча Англиядагы банктан Кыргызстанга которулууга тийиш. Бирок бул келишимге коомчулукта нааразылыктар болуп, ага кол койгон мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө сунуш айтылган.

Андан бери Кумтөр алтын кенин сатып алууга кызыгаарын Лондондо катталган “Чаарат Голд” компаниясы (Chaarat Gold Holdings Limited) компаниясы билдирип, ал сунуш кылган шарт Кыргызстан үчүн алгылыктуу экенин жарыялаган. (ZKo)